Чет тили бирикмеси

ТүзүмүТарыхыСтратегиялык иш-планыИш- планы

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети

                 Билим берүү инновациялары колледжи

                       ЧЕТ ТИЛИ БИРИКМЕСИ

            Бирикменин тарыхы жана жалпы маалымат

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Билим берүү инновациялары колледжинин «Чет тили» бирикмеси орто кесиптик билим берүү багытында адистерди даярдоону жүзөгө ашырган окуу-усулдук түзүм болуп саналат.

2021-жылдын 13-сентябрында университеттин Окумуштуулар кеңешинин чечимине ылайык, мурдагы «Тил сабактар» бирикмеси «Чет тили» бирикмеси болуп өзгөртүлгөн. Бул өзгөртүү чет тили боюнча билим берүү ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө жана адистерди даярдоо багытын өнүктүрүүгө багытталган.

Бирикме төмөнкү эки орто кесиптик билим берүү программасы боюнча адистерди даярдайт:

050303 – «Чет тили»

  • Даярдоо профили: Башталгыч класстарда англис тили мугалими.
  • Окутуу формасы: күндүзгү.
  • Окуу мөөнөтү: 9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай, 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай.

050720 – «Котормо иши»

  • Даярдоо профили: Котормочу.
  • Окутуу формасы: күндүзгү.
  • Окуу мөөнөтү: 9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай, 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай.

Лицензиялоо жана аккредитация

Бирикменин билим берүү ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик-укуктук актыларынын, мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жана лицензиялык талаптардын негизинде жүргүзүлөт.

Билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө №LS230002285 лицензиясы, №2 тиркемеси берилген. Каттоо номери: C 2023-0127.

2024-жылдын 28-декабрында «Билим Стандарт» аккредитациялык агенттиги тарабынан бирикменин эки билим берүү программасы тең беш жылдык мөөнөткө аккредитациядан өткөн.

Аккредитациялык сертификаттар:

  1. 050303 – «Чет тили» – 28.12.2024-жылдан 28.12.2029-жылга чейин.
  2. 050720 – «Котормочулук иш» – №VK240000983, 28.12.2024-жылдан 28.12.2029-жылга чейин.

Эки билим берүү программасынын аккредитациядан ийгиликтүү өтүшү билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу, окуу процессин өркүндөтүү жана адистерди даярдоонун сапаттык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу багытындагы ишмердүүлүктүн маанилүү натыйжасы болуп саналат.

Бирикменин максаты жана негизги милдеттери

Негизги максаты – мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана билим берүү программаларынын талаптарына ылайык сапаттуу орто кесиптик билим берүүнү камсыз кылуу, студенттердин тилдик, коммуникативдик жана кесиптик компетенцияларын калыптандыруу.

Негизги милдеттери:

  • Студенттердин чет тилде сүйлөө, угуу, окуу жана жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүү;
  • Тилдин фонетикалык, лексикалык жана грамматикалык өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүүгө шарт түзүү;
  • Котормочулук ишмердүүлүк боюнча теориялык билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу;
  • Студенттердин маданияттар аралык байланыш компетенцияларын өнүктүрүү;
  • Окуу процессинде заманбап педагогикалык жана санариптик технологияларды колдонуу;
  • Билим берүүнүн сапатын үзгүлтүксүз жакшыртуу жана студенттердин өз алдынча билим алуусун колдоо.

Окуу-усулдук ишмердүүлүгү

Бирикменин окуу-усулдук ишмердүүлүгү билим берүү программаларынын мазмунун өркүндөтүүгө жана окуу процессинин сапатын камсыз кылууга багытталган.

Бул багытта окутуучулар тарабынан окуу жумушчу программалары, силлабустар, окуу-методикалык комплекстер, лекциялык материалдар, практикалык тапшырмалар жана студенттердин өз алдынча иштерине арналган материалдар даярдалып, жаңыланып турат.

Ошондой эле ачык сабактар, өз ара сабактарга катышуулар, усулдук семинарлар жана тажрыйба алмашуу иш-чаралары уюштурулат. Окуу процессинде интерактивдүү окутуу ыкмалары, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана санариптик билим берүү ресурстары колдонулат.

Илимий-изилдөө жана студенттер менен иштөө

Бирикмеде окутуучулардын илимий-изилдөө жана кесиптик өнүгүү ишмердүүлүгүнө көңүл бурулат. Окутуучулар илимий конференцияларга, семинарларга, тегерек столдорго катышып, илимий макалаларды жана усулдук материалдарды даярдашат.

Студенттердин тилдик даярдыгын жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү максатында предметтик иш-чаралар, интеллектуалдык оюндар, тилдик сынактар жана ийримдер уюштурулат.

2024-жылдын октябрь айынан тартып иштеп келе жаткан «Easy English» ийрими студенттердин англис тилин практикалык жактан өздөштүрүүсүнө, сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүүсүнө жана тил үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырууга багытталган.

Өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары

Бирикменин мындан аркы ишмердүүлүгү төмөнкү артыкчылыктуу багыттарга негизделет:

  • Билим берүү программаларынын сапатын үзгүлтүксүз жакшыртуу;
  • Окуу-усулдук камсыздоону жаңылоо жана өркүндөтүү;
  • Заманбап педагогикалык жана санариптик технологияларды киргизүү;
  • Жасалма интеллекттин билим берүүдө колдонулушун өнүктүрүү;
  • Окутуучулардын кесиптик жана илимий потенциалын жогорулатуу;
  • Студенттердин практикалык тилдик жана кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү;
  • Ички сапатты камсыздоо жана билим берүү программаларына мониторинг жүргүзүү;
  • Академиялык мобилдүүлүктү жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.

«Чет тили» бирикмеси өз ишмердүүлүгүн университеттин стратегиялык өнүгүү багыттарына жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик талаптарына ылайык жүргүзүп, сапаттуу билим берүүгө жана кесиптик жактан даярдалган адистерди калыптандырууга багытталган.

Байланыш маалыматтары

Билим берүү уюму: Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети.

Түзүмдүк бөлүм: Билим берүү инновациялары колледжи.

Бирикме: «Чет тили» бирикмеси.

Дареги: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Н. Исанов көчөсү, 79/5.

Расмий сайт: https://pkkumu.kg/

Instagram: https://www.instagram.com/kumu_chet_tili_birikmesi

Телефон: (03222) 5-53-45