Билим берүү инновациялары колледжинин студенттери үчүн Ош шаарындагы көп тармактуу “Гармония” коомдук бирикмеси тарабынан “Психологиялык зомбулук.
Зордук-зомбулук жүрүм-турум маданиятын жана санариптик коопсуздукту өнүктүрүү
Кибербуллингдин алдын алуу”аталышындагы темада семинар тренинг өтүп беришти. Тренингке
бирикменин жетекчиси Онкошева Гульнара өзү катышып ошондой эле
Жоробекова Наргиза жана
Шерматова Айиза тренерлер кызыктуу маалыматтары менен бөлүштү. Тренингдин соңунда талкуу уюштурулуп студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты.