Бүгүн окуу жайыбызда 1-курстун студенттери арасында математика сабагынан олимпиада өткөрүлдү. Олимпиаданын негизги максаты – студенттердин логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, математикалык билимин тереңдетүү жана таланттуу студенттерди аныктоо болду.

Студенттер кызыктуу жана татаал тапшырмаларды аткарып, өз билимдерин сынап көрүштү. Катышуучулар активдүү катышып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүштү.

Жогорку балл алган студенттер:

 

Аскаров Абдулазиз, Караева Бегимай,  Махмудова Фатима, Туташова Асема,  Сайибкожоева Интизорхон, Нематуллаева Зарифа,  Сулайманова Адина  .

ОшМУ тарабынан уюштурулган  колледждер арасында өткөрүлүүчү олимпиаданын 2-этабына жолдомо алышты.

Жеңүүчүлөргө жана бардык катышуучуларга ийгиликтерди каалайбыз!

Математика – так илим гана эмес, ой жүгүртүүнүн күчү!